Бишкекте ак илбирстин скульптурасы ачылды

Скульптура Кыргызстанда 23-25-августта өтө турган эл аралык форумдун алкагында ачылды

794711
Бишкекте ак илбирстин скульптурасы ачылды

Темир бурамалардан жасалган илбирстин элесинин ачылыш салтанатына биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана коомчулук катышты. Скульптура Кыргызстанда 23-25-августта өтө турган эл аралык форумдун алкагында ачылды. 

Ак илбирстин элеси темир бурамалардан жасалган. Скульптуранын тактайчасына “Биздин тоолордогу илбирстердин саны азайып баратат. Андыктан, аны сактап калууга биз бар күчүбүздү жумшашыбыз керек” деп жазылган. Илбирстин элесин өлкөнүн расмий өкүлдөрү келип ачышты. 

“Ак илбирсти сактап кала алабыз” деген аталыштагы бийди жаш ыктыярчылар аткарышты. Алардын айтымында, бул бий сейрек кездешүүчү жаныбарды атпагыла, тескерисинче аларды сактап калалы деген маанини билдирет дешет. 

Скульптура Кыргызстанда 23-25-августта өтө турган эл аралык форумдун алкагында Жаштар аллеясында ачылды. Эскерте кетсек, ак илбирсти коргоо боюнча өтө турган форумга ак илбирс мекендеген 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышат. Анда, 2020-жылга чейин ак илбирстерди тукумун көбөйтүү үчүн 20 ландшафтты түзүү маселелери талкууланмакчы. 

КТРК



Тектеш кабарлар