Кыргызстанда 1-сентябрга карата 100 жаңы бала бакча ачылат

Бала бакчалар Дүйнөлүк Банктын “Мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу” долбоорунун алкагында ачылууда

783284
Кыргызстанда 1-сентябрга карата 100 жаңы бала бакча ачылат

Өлкөдө 1-сентябрга карата 100 жаңы бала бакча ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Бала бакчалар Дүйнөлүк Банктын “Мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу” долбоорунун алкагында ачылууда. Мекемелер райондордун алыскы жайгашкан айылдарында орун алган. Жалпысынан Чүйдө 20 бала бакча, Жалал-Абад облусунда - 17, Ош облусунда -16 бала бакча ачылат. Ал эми Ысык-Көл боюнча - 15, Талас жергесинде 13, Нарын облусунда 12 бала бакча иштей баштайт. Алыскы Баткен дубанында 7 бала бакча ачылары күтүүлүүдө.

КТРК



Тектеш кабарлар