Президенттикке талапкер катары арыз бергендердин саны 38ге жетти
Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин уланат
778048
![Президенттикке талапкер катары арыз бергендердин саны 38ге жетти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4cec/d85c/cd62/5810d6ee0f32c.jpg?time=1718990877)
Кыргызстанда 15-октябрда өткөрүлө турган президенттик шайлоо үчүн ушул учурга чейин 38 талапкер арызын берди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсүндө, 15-октябрда өткөрүлө турган шайлоо үчүн 8и партиянын лидери болуп жалпы 38 талапкердин арызынын кабыл алынганы белгиленди.
Арыздары кабыл алынгандардын шайлоо мыйзамына ылайык мындан кийинки процессте өзүн колдогон 30 миң кол тамганы тапшырышы, 14 миң долларды шайлоо фондуна төгүүсү жана мамлекеттик тил боюнча экзаменден өтүүсү керектиги эске салынды.
Арыздарды кабыл алуу 1-августта аяктай турганына көңүл бурулган билдирүүдө, акыркы тизменин 15-сентябрда жарыялана турганы жана 15-октябрга чейин шайлоо үгүттөөлөрүнүн уланаары белгиленди.