Кыргызстанга туристтердин кызыгуусу арта баштады

"National Geographic": Кыргызстан алдыңкы 10 мамлекеттин катарында.

772408
Кыргызстанга туристтердин кызыгуусу арта баштады
Kirgiz nevruz tatli sumolok5.jpg
Kirgiz nevruz tatli sumolok6.jpg

Илимий-популярдуу "National Geographic" журналы Кыргызстанды туристтер менен саякатчылар көп тартылган алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кошту. 

Журналдын эксперттеринин айтымында, туристтер үчүн Кыргызстанда бир топ ыңгайлуу шарт бар. Алардын негизгиси - Европа менен бир катар башка мамлекеттерге кеңири эшик ачкан визасыз режим. 

"Адатта Чыгыш жана Түштүк Азияга туристтер көп келишет. Ошол эле учурда Орто Азиянын да туристтерди кызыктыра турчу көп жакшы жактары бар. Кыргызстандын чыгышында көгүлтүр Ысык-Көл жана аскаларын ар дайым кар баскан Тянь-Шань тоолору бар. Активдүү эс алууну каалагандар үчүн бул эң сонун тандоо",— деп жазат аталган журнал. 

Кыргызстандан сырткары, аталган рейтингге Молдова, Монголия, Арктика Аляскасы, Гаити, Гайана, Филиппин, Түркия, Египет жана Лесото кирген.

КТРК

 



Тектеш кабарлар