Президент Атамбаев Сербиянын ордени менен сыйланды

Жогорку даражадагы сыйлыкты Алмазбек Атамбаевге Сербиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Славенко Терзич тапшырды

757666
Президент Атамбаев Сербиянын ордени менен сыйланды

Президент Алмазбек Атамбаев Сербия Республикасынын орденин алды. Иш-чара өлкө башчынын Орусияга болгон иш сапарынын алкагында өтүп, жогорку даражадагы сыйлыкты Алмазбек Атамбаевге Сербиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Славенко Терзич тапшырды. 

Сербия президенти Томислав Николич чыгарган жарлыкта "Алмазбек Атамбаев мындай орден менен Кыргызстан менен Сербиянын ортосундагы достук мамилени жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланганы" - айтылды. Элчи Славенко Терзич дагы эки мамлекет ортосундагы достук мамилени чыңдоого кошкон салымы үчүн Сербия жетекчилигинин атынан Алмазбек Атамбаевге ыраазычылыгын билдирди.

КТРК



Тектеш кабарлар