Кымыз жана туризм фестивалы өтөт

Иш-чарага каалоочулар өз продукциясын алып чыкса болот

737004
Кымыз жана туризм фестивалы өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу кымыз жана туризм фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы туроператорлор ассоциациясы билдирди. 

Иш-чаранын максаты - ички туризмди өнүктүрүү, бизнес өкүлдөрүнүн кызматташуусу үчүн ыңгайлуу аянтча түзүү. Фестиваль 27-28-май күндөрү Бишкектеги соода борборлорунун биринде өтөт. Иш-чарага каалоочулар өз продукциясын алып чыкса болот.

КТРК



Тектеш кабарлар