Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча концепция иштелип чыкты

Совет мезгилинде Бишкек шаары жашыл шаарлардын катарына кирчү

734380
Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча концепция иштелип чыкты

Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча концепция иштелип чыкты. Анда борборду жашылдандырып  тургундарга ыңгайлуу микро климатты шарттап берүү камтылган. Совет мезгилинен бери шаардагы бак дарактарга тийиштүү кам көрүлбөй жатат. Буга кошумча бактар дагы аз санда олтургузулуп калды. Андыктан шаарды жашылдандырууга жапа тырмак киришип, концепцияда камтылган иштерди жүзөгө ашыруу зарыл деп билдиришти шаардык кеңештин депутаттары. 

Совет мезгилинде Бишкек шаары жашыл шаарлардын катарына кирчү. Ал кезде калаанын көп бөлүгүн жашыл аянттар ээлечү жана көрктөндүрүүдө маселе жаралчу эмес. Бактар көк шиберлер убагында суугарылгандыктан алардын түбү кургабай  саргарбай жакшы абалда турчу.  

Бишкек шаарын жашылдандырууга багытталган бул концепция шаардык депутаттардын, тийиштүү ведомство өкүлдөрүнүн, шаар тургундарынын катышуусунда 18-майда боло турган тегерек столдо талкууланат.

КТРК



Тектеш кабарлар