Россия, Беларусия, Армения жана Молдованын президенттери Кыргызстанда

Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт

712444
Россия, Беларусия, Армения жана Молдованын президенттери Кыргызстанда

ЕАЭБдин Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга Россиянын президенти Владимир Путин келди. 

Россия президенти Владимир Путинди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Ошондой эле, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко да келди. Аны дагы өкмөт башчы тосуп алды. 

Кечээ, 13-апрелде Армения Республикасынын президенти Серж Саргсян жана Молдова Республикасынын президенти Игорь Додон келишкен.

Эскерте кетсек, Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Кыргызстандын 2017-жылы Евразия экономикалык кеңешинин органына төрагалык кылуусунун алкагында өтөт.

КТРК



Тектеш кабарлар