Путин Кыргызстанга расмий сапар менен барат

Сапардын алкагында эки лидер жолугушат

678905
Путин Кыргызстанга расмий сапар менен барат

28-февраль күнү Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келет. 

Сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев менен Россия Президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү болот. 

Анда кыргыз-орус эки тараптуу мамилелеринин бардык багыттары, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруунун жүрүшү, ошондой эле кызматташуунун бүтүндөй комплекси боюнча, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланат.

КТРК



Тектеш кабарлар