Кыргызстанда октябрь айынан тартып пенсия жогорулайт

Кыргызстан ЕАЭБдин курамында болгондуктан, мигранттардын пенсия алуу маселеси жакында чечилээри да маалымдалды.

671510
Кыргызстанда октябрь айынан тартып пенсия жогорулайт

2017-жылдын 1-октябрынан тарта өлкөдө пенсия 400 сомго көбөйөт. Өкмөт бул үчүн пенсияны жогорулатууга 700 миллион сом акча караган. Өткөн жылдын бюджети ашыгы менен чогултулганына байланыштуу пенсияны жогорулатууга бөлүнгөн сумма 1 миллиардга чыгарылышы мүмкүн.  Мындан сырткары биринчи топтогу майыптар пенсияга чыгаары менен пенсиясы жашоо минимумунан жогору болуусу тууралуу мыйзам биринчи окууда кабыл алынган. 

Өткөн жылы пенсия көтөрүлгөндөн кийин пенсиянын орточо өлчөмү 5 миң 142 сомду түзгөн, тагыраагы 490 сомго жогорулаган.

Быйыл да октябрь айынан тарта пенсия жогорулайт. Ага 700 миллион сом каралган. Бул сумманы 6 миңдей пенсионерге бөлгөндө 400 сомдон кошулат. Аны  менен катар, орточо айлыктын көлөмүнө жана инфляциянын деңгээлинен кем  эмес жылына индексация жасап туруу сунушталды. 

 2017-жылы дагы социалдык төлөмдөрдөгү өзгөртүүлөргө ылайык, биринчи топтогу майыптар пенсияга чыгаары менен пенсиясы жашоо минимумунан жогору болот. Бул тууралуу мыйзам жогорку кеңештин биринчи окуусунда кабыл алынган. Мындан сырткары  эмгек акы боюнча архивдик документтер жок болсо же жоголуп кетсе, минималдуу эмгек акынын өлчөмүнө жараша эселеген ченемдер пайдаланылат. Тактап айтканда иштегенин далилдеген справкасыз эле пенсия акы эсептелинет.

Кыргызстан ЕАЭБдин курамында болгондуктан, мигранттардын пенсия алуу маселеси жакында чечилээри да маалымдалды. Бул багытта пенсиялык камсыздоо мыйзамы иштелип жатат. 

Социалдык фонд 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн 2 миллиард 471 миллион сомго көп жыйнады. Пенсия алуучулардын саны 614 миңди түздү. Демек 2015-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 10 миң кишиге көбөйгөн.

КТРК



Тектеш кабарлар