Президент Атамбаев расмий сапар менен Брюсселге барат

Мамлекет башчы Европа Биримдигинин курамындагы башкы уюмдардын жетекчилери менен жолугуп, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

669718
Президент Атамбаев расмий сапар менен Брюсселге барат

16-февралда Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Брюсселге барат. Бул тууралуу Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү, элчи Чезаре Де Монтис маалымат жыйында билдирди. Анда Мамлекет башчы Европа Биримдигинин курамындагы башкы уюмдардын жетекчилери менен жолугуп, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү маалымдалууда. 

Бул Президенттин Белгиянын борборуна 3,5 жыл аралыгындагы боло турчу 3-расмий сапары. Ошондой эле Евросоюздун өкүлү ВСП+ макамынын алкагындагы Кыргызстандын Евробиримдигине мүчө мамлекеттерге болгон товар экспорттоонун көлөмү 68 миллион долларга жеткенин кошумчалады. 

КТРК



Тектеш кабарлар