Алмазбек Атамбаев кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

"Боинг-747" учагы бүгүн эртең менен 7 жарым чамасында Чүй облусунун Сокулук районунуна караштуу Дача айылындагы турак үйлөрдүн үстүнө кулаган.

652142
Алмазбек Атамбаев кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев кырсыктан каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты.

Ошондой эле мамлекет башчы "Манас" аба майданынын жанынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүүнү тапшырды. 

Мындан тышкары кырсыктан жабыркагандардын дарылануусуна көмөк көрсөтүлөт. Ал эми өкмөткө кырсыктын чыгуу себептерин аныктоо боюнча тапшырма берилди.

"Боинг-747" учагы бүгүн эртең менен 7 жарым чамасында Чүй облусунун Сокулук районунуна караштуу Дача айылындагы турак үйлөрдүн үстүнө кулаган. 

Акыркы маалыматтар боюнча 15 үй жабыркап, 37 адам каза болду.

КТРК



Тектеш кабарлар