Жаңы чыккан банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Борбордук банк 200, 500 жана 1000 сомдун банкноттордун коргоо элементтерин өркүндөттү.

644262
Жаңы чыккан банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

2017 - жылдын алгачкы күнүнөн тарта коргоо элементтери күчөтүлүп, жаңыдан басылган банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды. 

Борбордук банк 200, 500 жана 1000 сомдун банкноттордун коргоо элементтерин өркүндөттү. 

Улуттук валютанын төртүнчү сериясы 2009-жылы жүгүртүүгө чыгарылган 5000 сом номиналындагы банкнот менен ачылган. 

Улуттук валютанын бардык банкноттору жана монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана кайсы жылы чыгарылгандыгына карабастан, төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

КТРК



Тектеш кабарлар