Шанстуу жүргүнчү

“Манас” эл аралык аба майданы үч миллионунчу жүргүнчүсүнө кызмат көрсөттү

641942
Шанстуу жүргүнчү

Жаңы жыл алдында “Манас” эл аралык аба майданы өзүнүн үч миллионунчу жүргүнчүсүнө кызмат көрсөттү. Бактылуу билеттин ээси Бишкек-Стамбул каттамы менен учуп бараткан Медина Кенжебаева болду.

3 миллионунчу жүргүнчү Медина Кенжебаева болду. Эки баланын апасы Медина Түркияда иштейт. Аны Стамбулга үй-бүлөсү узатып келишкен. Мындай жагымдуу кабарды уккан жүргүнчүнүн кубанычы койнуна батпай турат.

“Манас” эл аралык аба майданы өзүнүн 3 миллионунчу жүргүнчүсүнө эстелик белектерин тапшырды. Бишкек-Стамбул-Бишкек каттамы боюнча бизнес-класстан билет, жүктү 10 жолу акысыз таңгактоого жана VIP-залдын кызматынан акысыз пайдаланууга сертификат берилди. Түрдүү сувенирлер да тапшырылды.

Мындай акцияларды “Манас” эл аралык аба майданы жыл сайын уюштуруп келет. 

КТРК



Тектеш кабарлар