Ош шаарында заманбап журналисттик мектеби...

"ЫНТЫМАК МЕДИА МЕКТЕПКЕ” ОКУУ ҮЧҮН СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

609573
Ош шаарында заманбап журналисттик мектеби...

“Ынтымак" КРТРКсынын алдында түзүлгөн “Ынтымак медиа мектеби” экинчи бүтүрүүчүлөрүнө конкурс жарыялайт. Бул жолку долбоор Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети менен биргеликте ишке ашырылат.

Универсалдуу журналист болууну кааласаңыз, көйгөйлөрдү коомго алып чыгуунун кесипкөй жолун тандасаңыз, бизге келиңиз! Акысыз окутуу менен 3 айлык мөөнөттө: теледе, радиодо, интернет сайттарда, гезиттерде, социалдык тармактарда иштөөгө көнгөн адис болуп чыгууга жардам беребиз. Сиздердин жасаган медиа материалдарыңыздар реалдуу түрдө телерадио эфирлерине чыгып, басмага жана интернет сайтка жарыяланып турат.

“Медиа мектепке” катышуу үчүн анкетанын кыргызчасын бул шилтемеден, а орусчасын ушул жерден көчүрүп алыңыз.

Резюме менен анкетаңызды 2016-жылдын 20-ноябрыга чейин oshmedlab@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүп же “Ынтымактын” кеңсесине алып келиңиз.

Эскертүү: курагыңыз - 20-30 жаштарда болуш керек!

Дарегибиз: Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат.

Байланыш үчүн телефондор: 03222 2-01-76, 0777 89-57-98. Асанбек Каракозуевди сурайсыз.

Бизди соцтармактардан ‪#‎oshmedlab хештэги менен издеңиз.

Медиа мектеп – ӨЗҮҢДҮ ЖУРНАЛИСТИКАДАН ТАП!



Тектеш кабарлар