Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында дзюдо боюнча үч күмүш медаль утту

Индияда өткөн Азия чемпионатына Кыргызстан дагы катышты.

571233
Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында дзюдо боюнча үч күмүш медаль утту

Кыргызстандын курама командасы Индияда өткөн Азия чемпионатында дзюдо боюнча үч күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык адистештирилген жаштар мектебинин олимпиадалык күрөштүн түрлөрү боюнча резервинин директорунун биринчи орун басары Шаадатбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, 8-11-сентябрда Коччиде (Индия) Азия чемпионатына балдар жана өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча биринчилик болуп өттү.
Ага 22 өлкөдөн келген спортчулар жана Кыргызстан дагы катышты.

“Азия биринчилигинде мелдештин жыйынтыгы боюнча дзюдодон 3 күмүш медаль,1 коло жана 2 спортчу 5 орунду алды”,-деди Ш.Акматов.

Ошентип, Азамат Бектурсунов (60 кг чейинки салмактык категория), Адиль Мырзаев (66 кг чейин) жана Богдан Филлипов (81 кг чейин) «күмүш», Тимур Кумуркулов (50 кг чейин) «коло» медалды утушту, ал эми Рустам Турузбеков (73 кг чейин) менен Керим Казатовдор 5-орунга (100 кг чейин) татыктуу болушту.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар