«Сулайман-Тоо» көркөм фильми 29-сентябрда тартылып баштайт

Сулайман-Тоо 2009-жылы Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

569126
«Сулайман-Тоо» көркөм фильми 29-сентябрда тартылып баштайт

 «Сулайман-Тоо» көркөм фильми 29-сентябрда тартылып баштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине фильмдин режиссеру Елизавета Стишова билдирди.

Сулайман-Тоо – Ош шаарындагы ыйык тоо, ал 2009-жылы июнда өлкөдө алгачкы мертебе Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Е.Стишованын айтымында, фильмдин сюжетинде өтө татаал кырдаалга туштуккан кыргыз үй-бүлөсүнүн тагдыры көрсөтүлөт. Үй-бүлөнүн башчысынын эки аялы бар, алардын ар бири күйөөсүн өзү тарапка тартуу аракетин көрүшөт.

“Кинотасма 29-сентябрда тартылып баштайт. Фильм орусча субтитр менен кыргызча чыгат. Фильмдин жанры – комедиянын элементтери коштолгон драма. Сценарийдин автору – белгилүү орус сценаристи Алиса Хмельницкая. Оператору- румыниялык Тюдор Пандуру, продюсерлери - Елена Яцура менен Садык-Шер-Нияз», - деди Е.Стишова.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар