Кыргызстанда 24 саат бою жаңылыктар менен тааныштырган телеканал ачылат
Бул тууралуу Коомдук телерадио берүү корпорациясы (КТРК) билдирди.
567641
![Кыргызстанда 24 саат бою жаңылыктар менен тааныштырган телеканал ачылат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d0b0/73d9/5898/57d135ce02422.jpg?time=1718850328)
Үстүбүздөгү жылы 12-сентябрда 24 саат бою жаңылыктар менен тааныштырган “Ала-Тоо 24” маалыматтык телеканалынын ачылышы болот. Бул тууралуу Коомдук телерадио берүү корпорациясы (КТРК) билдирди.
Күнү-түнү жаңылыктар менен тааныштыруу каналы долбоору биздин өлкөдө азырынча жалгыз телеканал болуп саналат жана үзгүлтүксүз жаңылыктар менен тааныштаруу принциби боюнча түзүлүүдө. Телеканалдын негизги максаты – теле көрүүчүлөргө өлкөдөгү жана дүйнөдөгү болуп жаткан окуялар тууралуу ыкчам жана так маалымат жеткирүү.
"Кабар" маалымат агенттиги