Кыргызстан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр
Индия менен Түркменистанды кошкондо Кыргызстанга 5 өлкөнүн өкүлдөрү келишти
![Кыргызстан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/bcc4/3c8a/6758/57c8263aa9c9b.jpg?time=1718903538)
Кыргызстанда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өкүлдөрү билдирди.
2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) катчылыгынын жетекчиси Нурдин Султамбаевдин айтымында, Индия менен Түркменистанды кошкондо Кыргызстанга 5 өлкөнүн өкүлдөрү келишти. Расмий ачылышы 3-сентябрда Ысык-Көл облусундагы ипподромдо жергиликтүү убакыт менен 20:30да болот. Программада 2,500 киши катышат. Анын арасында профессионал артистер, ыктыярчылар жана 100 комузчу бар.
“Бардык жабдуулар алынып келинди жана текшерүүдөн да өткөрүлдү. Кыргызстандагы эң бийик 180 метрлик экран орнотулган”, - деп айтты ал.
Ошондой эле, оюндарга даярдыктар боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев дагы маалымат берди. Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинен 50 кызматкер Ысык-Көл облусуна барып, пландуу жана шашылыш медициналык кызмат көрсөтүү үчүн тартылган. «Мындан тышкары 18 тез жардам унаасы зарыл болгон дары-дармектер менен камсыздалды. Кошумча Чолпон-Атага 20 керебет Ананьевага 10 керебет дайындалды, ошондой эле аймактык ооруканалар медициналык жардам көрсөтүүгө даяр”,-деди ал.
Өз кезегинде, КРнын Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттигинин директору Турдубек Мамбетов 10 миң көрүүчү көрө турган ипподром көчмөндөр оюндарына конокторду кабыл алууга даяр экендигин баса белгиледи.
“Бардык курулуш-монтаждоо иштери өз убагында аяктады. Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери дагы бүтүп калды”, - деп айтты ал.