Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленип жатат

Президент Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстан өз жолун тапты. Эркин, демократиялуу коомду куруу жолуна түштү"

562283
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленип жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев КРнын Көз карандысыздыгынын мааракелик 25 жылдыгы менен кыргыз элин куттуктады. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Төмөндө куттуктоонун толук тексти берилет:

“Урматтуу мекендештер!
Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары!
Урматтуу меймандар!
Кымбаттуу жоокерлер - Мекендин коргоочулары!

Бардыгыңыздарды Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктайм!
Чейрек кылым мурда легендарлуу парламент деген ат менен тарыхта калган Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендиги жөнүндө декларацияны» кабыл алган.

Бүгүн тарыхтын 25 жылдыгын жыйынтыктап жатабыз. Кыргыз каганатынан көп кылымдардан кийин биз байыркы ата-бабалар жеринде өз мамлекетибизди – эгемендүү Кыргыз мамлекетин кайра куруп жатабыз. 
Ата-бабаларыбыз көз карандысыздыкка, эркиндикке карай узак жол, бийик ашууларды басты. Ар бир карыш жери үчүн баскынчылар менен кармашып, далай каны төгүлдү. Бирде улуу Каганат курса, бирде туш-тушка чачылып, жок болуп баратып тирикти. 
Кыргыздын колдоочусу бар деген чын, тарыхтын таш боор сыноолорунан сактап келатат. Ал ортодо канчалаган элдер өз мамлекетине жете албай жүрүп, жок болду? Канчасы дагы эле эгемендүүлүктү эңсеп, кор болуп жүрүшөт?

Биз 100 жылдыгын белгилеп жаткан 1916-жылдагы элдик көтөрүлүштөн кийинки Үркүндө жүз миңдеген боордошторубуздан айрылдык. Ал окуя кыргыздардын көзүн ачкан. Биримдикте болуп, эгемен мамлекет куруш керектигин сезген. Ошол 1916-жыл элибизге көз карандысыз, эгемен кыргыз мамлекетинин канчалык керектигин кан менен далилдеди. 
1991-жылдан кийин Кыргызстандын жаңы тарыхы башталды. Албетте, демократияга, рынок экономикасына өтүү оңой болгон эмес. Мамлекет куруу, башкаруу тажрыйбабыз дээрлик жок эле.

Кыргызстандын биринчи президентинин улуу реформатор катары тарыхта калуу шансы бар эле. 
Бирок, ал реформа жасоо шылтоосу менен шайлоолорду жана референдумдарды удаа-удаа өткөрүп, бүтүн күч-аракетин бийлик менен байлык топтоого жоготту. Мунун бардыгы 2005-жылы 24-марттагы элдик революцияга алып келди.

Тилекке каршы, Март революциясынан кийин шайланган экинчи президент жана анын үй-бүлөсү мурдагысынан ашып түштү. Алар байлыкты басып алганы аз келгенсип, саясатчыларды, журналисттерди, айтор, каршы чыккандарды сабаттырып, өлтүртүп башташкан. Мунун бардыгы натыйжада 2010-жылдын 7-апрелинде экинчи элдик революцияга алып келди.

Кыргыздар жакырчылыктан эмес, намысы тебеленгенде көтөрүлүшөт. Кыргыздар азапка чыдаган, жокчулукту көтөргөн, бирок кордоолор менен адилетсиздикке чыдабайт. Эркиндик жана акыйкаттык үчүн элибиз өлүмдөн да коркпой турганын ошол 7-апрелде дагы бир жолу далилдеди.
Кыргыз эли, кыргызстандыктар 25 жыл ичинде кылымга тете окуяларды, сыноолорду башынан өткөрдү. Ошончо азапка чыдаган, сыноолорду жеңген, айкөл жана намыскөй элиме бүгүн ушул куттуу трибунадан миң мертебе алкыш айтам, таазим этем! Бар болгун, айланайын кыргыз элим, бар болгун!

Урматтуу мекендештер!

Өзүңүздөр билесиздер, мындан беш-алты жыл мурда эле “Кыргызстан мамлекет болбой калды” деп туш-туштан табалап, мазактап турушкан. Ал турсун сыртыбыздан тон бычып, жерлерибизди өз ара бөлүштүрө да башташкан. Бирок Жараткан колдоп, сабырдуу жана намыскөй элибиз эгемендүү мамлекетин сактап калды.

Тарыхка көз чаптырсак, кыргыздар эң байыркы элдерге кирет, ата-бабаларыбыз кезинде Энесайдан тарта Ала-Тоо, Памир тоолоруна чейин, Алтайдан тарта Оролго чейин көз жеткис мейкиндикти ээлеп, күчтүү мамлекет – Кыргыз каганатын курушкан. 
Миң жыл илгери биздин аймак аркылуу өткөн Жибек жолу ошол доордогу өнүгүүнүн эң мыкты үлгүсү болгон. Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари сыяктуу көрүнүктүү илимпоздор менен акындар биздин жерибизден өсүп чыккан.

Элибизде өткөн мурасын жандантып, байытып, азыркы заманга шайкеш келтирүү аракеттери күч алды. Буга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мисал. Дал кыргыз жери көчмөндөр мурасын дүйнөгө жайылтуунун ордосу болуп калды.
Сөзүмдүн башында айтылгандай, Кыргызстан өз жолун тапты. Эркин, демократиялуу коомду куруу жолуна түштү. Көз карандысыз маалымат каражаттары, күчтүү жарандык коом түзүлдү.

Алар бийликтегилерди туш-туштан көзөмөлдөп, коррупциялык былыктарды, чиновниктердин адепсиз жоруктарын ашкерелеп жатышат. Ошентип, бийликти бекем көзөмөлдөгөн жарандык коом түзүлүп жатат. Бул биздин эң зор жетишкендигибиз.
Ошону менен катар мамлекет үчүн ар бир жаран, жарандык коом да жоопкер болууга тийиш. Баарын мамлекет берсин, мамлекет баксын деген доор артта калды. Элибиз, ар бир жараныбыз мамлекетибиз урагыс бекем болсун деп максатташ, тилектеш болгондо гана бакубат коом кура алабыз.

Урматтуу мекендештер! Айлайын кыргыз эл!

Эмнеге мен бүгүн, эгемендүүлүктү майрамдап жаткан күнүбүздө Конституция маселесине өзгөчө токтолуп жатам? 
Баарыңыздар билесиздер, бир канча ай мурда 18 кишиден турган БУУнун комитети эгемендүү Кыргызстандын Жогорку сотунун Азимжан Аскаров боюнча чечимин жокко чыгарып салды. Анан юристтер, эксперттер менен чогуу бул маселени карасак, биз мындай укукту чет элдик уюмдарга өзүбүз берип салыппыз. Баш мыйзамда, 41-беренеде чакчайып жазылып турат.

Аскаров бери жакта калсын, эртең бул комитеттин 9 кишиси кааласа, Кадыржан Батыров менен Жаныш Бакиев боюнча соттордун чечимдери, Кумтөр боюнча экологиялык чечимдер, иши кылып ошол 9 кишиге жакпаган “илибой” чечим омийин болот экен.
Жогорку соттун чечимдери гана эмес, азыркы Конституция боюнча ошол 9 киши Кыргыз Өкмөтүнүн, Кыргыз парламентинин, Кыргыз Президентинин аларга жакпаган чечимдерин, керек болсо Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарын жокко чыгарып коёт.

Муну билип туруп биз Кыргызстан толук эгемендүү мамлекет деп кантип айтабыз? Мындай Баш мыйзам менен кантип жашайбыз?
Мен өзүм деле бул Азимжан Аскаровдун иши боюнча Кыргызстанга ошол БУУнун комитетинин чечими – ачык айтканда, буйругу – келгенче, Баш мыйзамга 2020-жылга чейин тийбесек деп ойлогом.

Керек болсо өткөн жазда Кулов, Текебаев, Турсунбековдор Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөргөндө, аларды “коё туралык, мыйзам долбоорун артка чакырып алгыла, жаңы шайланган Жогорку Кеңеш карасын” деп кат жазгам.
Бирок бул Аскаровдун “бомбасы” жарылгандан кийин Баш мыйзамды жакшылап карап чыгып, тез арада ага референдум аркылуу өзгөртүүлөрдү киргизбесек болбой калганын даана түшүндүм. Эл чечсин, эл чечсин!

Эмнеге азыркы Конституцияны сактап калабыз деп бүт кара күчтөр топтолуп жатат? 
Акаевдин аспиранттары менен Бакиевдин адвокаттары, Азимжан Аскаров менен Кадыржан Батыровдун колдоочулары, башка мамлекеттен маяна алып, жан баккан маңкурттар менен жазмакерлер, элдин каны төгүлгөндө пайда тапкан куркулдаган кузгун саясатчылар жана, албетте, Атамбаев таарынткан, иштен айдаган атка минерлер. Булардын ар биринин аркасында себеби бар.

Ошондуктан биз сөзсүз Баш мыйзамга зарыл болгон түзөтүүлөрдү элдик референдум аркылуу кабыл алып, киргизишибиз керек. Элибиз алданбайт.
Өлкөбүз толук эгемендүү болсун десек, Кумтөрдү тоногондор жоопко тартылсын десек, сот реформасы жана күч органдар реформасы аягына чыксын десек, Өкмөт жыл сайын алмашпай туруктуу иштесин десек, текшерүүлөр азайып, ишкерлер, айыл өкмөттөр коркпой иштесин десек, Баш мыйзамды өзгөртүш керек.

Жана эң негизгиси – бир жылдан кийин шайлана турган жаңы президент Акаев менен Бакиевдин жолуна түшүп, өлкөнү тоноп, үй-бүлөлүк режим түзбөсүн десек – Баш мыйзамды өзгөртүш керек! Максатым ушул. Буларды жакындан жакшы билем.
Айланайын мекендештерим, кыргыз элим!

Он жыл мурда, дал ушул аянттан мен Токмок эт комбинатында болгон окуяны айтып бердим эле. 
Эт комбинаттарында совет кезинде койду ток менен уруп өлтүрчү экен. Анан өлүмдүн жытын сезген койлор өлтүрүүчү жайга кирчү эмес экен. Ошондуктан алардын алдына атайын үйрөтүлгөн текени алдына чыгарып коючу экен, теке болсо койлорду өлүмгө ээрчитип барып, өзү болсо атайын эшиктен качып чыкчу экен.

Кээде баарыбыз алданабыз. Мен да далай жолу алдангам. Бирок, мекендештерим акыркы беш-алты жылдын ичинде кимдин ким экенин жакшы эле билип калды.

Кыргыз эли ошондой текелерди ээрчий турган кой эмес жана эч качан кой болбойт. Алданбайт башка!
Кыргыз элинин: “Кыңыр иш кырк жылда билинет” деген эски сөзү бар. Элди алдап койдой ээрчитип кетем деген сасык саясатчыларга айтар элем: жаап-жашырган кыӊыр иштериӊер эртели-кеч ачыкка чыгат. Ачыкка чыгат!
Качып кеткен Акаев, Бакиевдердей силер да качасыңар. Кыргыздын байлыгын, кыргыздын жерин ким сатканы ачылат! Ачылып башталды. Мародерлук да ачылат. Банк ячейкаларын тономой да ачылат. Кадыржан Батыровду ким үгүттөгөн, ким качырганы да ачылат. Элдин келечегин кимдер сатып жатканы да ачылат.

Урматтуу мекендештер!

Эзелтен элибизде “Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман” деген сөз бар. Кээ бир кыргыз саясатчыларын көрүп, төбө чачың тик турат.
Чек арада абал курчуйбу, жан алган кырсык болобу, же дагы кандай жамандык болобу, - булар дароо кузгундай болуп куркулдап чогула калышат. Андайлардын бир эле максаты бар: эптеп ошол окуяны саясатташтырып, элди бузуп, өлкөдөгү абалды курчутуп, тополоң чыгарыш керек, чатак чыгарыш керек, бийликти, Атамбаевди күнөөлөш керек.

Айланайын элим!

Өлкөбүз 2010-жылдын жазынан тартып 2014-жылдын жазына чейин төрт жыл тополоң болуп, тынчыбай турду. Район, облус басып алмай, жолдорду буумай токтогонуна эки жарым жыл боло элек.
Бул кузгундар, сасык саясатчылар, текелер болсо баардыгы биригип, эми кайрадан мамлекетибизди чыр-чатакка, тополоңго, канга толсун деп тилеп турат. Чогула калышат.

Ушулардын ыплас колдоруна, акаевчи, бакиевчи, ууру, мародерлордун колуна мекенибизди кайра салып беребизби?
Жок! Эч качан андай болбойт! Мен толук ишенем: кыргыз эли бул бузукуларды экинчи ээрчибейт, алданбайт!
Урматтуу мекендештер!

Ынтымакты сактап, биримдикти бекемдеп, 7-апрелде тапкан жолубуз менен түз кете берсек, бул бузукулар итке окшоп, үрүп-үрүп тим болот. Элибизде: “Ит үрө берет – кербен жүрө берет” дейт. 
“Көч бара-бара түзөлөт”!

Карапайым эл көрүп турат, кыргыз көчү өз жолун таап, бара-бара түзөлүп баратат. Кедей өлкөлөрдүн катарынан чыктык. Америкалык Гэллап фонду бизди КМШ мамлекеттеринин ичиндеги эң стабилдүү, демек, эң келечектүү өлкө деп жарыялады. 
Заӊгыраган жолдор салынып жатат. Жаңы мектептер салынып жатат. Свет өчкөндү унуттук. Тынчтык, ынтымак келди Мекенибизге.
Эми экономиканы көтөрүш керек. Тынч өлкөгө каражат, инвестиция өзү келет. Ошондо жаңы ишканалар ачылат, жаңы жумуш орундары болот. Пенсия, маяна көтөрүлөт. “Иштеген тиштейт” деген сөз бар. Бардыгы бир күндө боло калбайт.
Бактын башы – ынтымак. Ынтымак менен биримдик.
Урууну ойлобой – улутту ойлойлу. Коктубузду ойлобой - коомубузду ойлойлу. Дүнүйөдө, регионубузда кырдаал абдан курчуду. Айрым күчтөр жерибизди талашып турганда, терроризм, экстремизм күчөп турганда биримдикти, ынтымакты сактайлы. Бузуку саясатчыларга алданып, бөлүнүп кетпейли.

Манас атабыз ушундай күндөр үчүн айтып кеткен бизге:
Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө!
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет.
Бөлүнүптүр кыргыз деп
Бөтөн элге кеп кетет...

Биз көтөргөн мамлекетибиздин имараты урагыс, бекем болсун десек, жалпы элибиз ынтымакта, ар бирибиз болсо максатташ, тилектеш бололу. Ынтымагыбыз жок болсо, башкаларга кеп болобуз, кокус бизди өрт каптаса, чакан улутубузду жалмап кетет, ата-бабалардын рухун жок кылат. 
Бири-бири менен тил табыша албай, бөлүндү-жарынды болгон элдер жок болуп жатканын көрүп жатабыз.

Айланайын кыргыз элим!

Кудайга шүгүр деп, тобо кылганды үйрөнөлү, элибиздин турмушу коңшулардыкынан кем эмес. Жакшынакай келечекке да түз жол таап алдык. Көч бара-бара түзөлөт.

Биз урпактарыбызга демократиялуу, эркин жана бакубат өлкөнү калтырып кетебиз деп толук ишенем.
Урматтуу салтанаттын катышуучулары!
Урматтуу мекендештер!
Урматтуу жоокерлер, сержанттар, офицерлер жана генералдар! 
Баарыңыздарды ыйык майрамыбыз менен куттуктайм!
Жараткан элибизди бөөдө кырсыктан сактасын, элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин! 
Жашасын эгемендүү Кыргызстан!
Ура”!

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар