Бишкекте 25 жылдыкка арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

560908
Бишкекте 25 жылдыкка арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

26-августта Бишкек шаарындагы борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөгө белгилүү кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн өлкөнүн тарыхындагы маанилүү окуяларды чагылдырган иштери коюлду. Борбор калаанын мэриясы аянттын батыш тарабына сүрөттөрдү илүү үчүн 25 лайт-бокс орнотту, алар кийин Бишкек шаарынын мэриясынын расмий маалыматтарын илүү үчүн колдонула бермекчи. Көргөзмө 10-сентябрга чейин уланат.

Сүрөт көргөзмөнүн ачылышына КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты.

"КАБАР" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар