Көчмөндөр оюндарынын алкагында кумдан жасалган скульптуралардын фестивалы өтөт

Фестиваль сентябрь айынын аягына чейин уланат.

557273
Көчмөндөр оюндарынын алкагында кумдан жасалган скульптуралардын фестивалы өтөт

25-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Ысык-Көлдүн сыйкырдуу кумдары» аталышындагы кумдан жасалган скульптуралардын фестивалы өтөт. Мындай иш-чара Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

Фестивалда скульпторлор «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары», «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 25 жыл» жана «Тарых жана маданият жылы» темаларында эмгектерин тартуулашат. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана скульптордун сырлары менен тааныш бардык каалоочулар катышышат.

Уюштуруучулар белгилегендей, фестивалда балдарга арналган аянтча болот, ал жерде жаш балдар кумдан өз алдынча ар кандай фигураларды даярдоого мүнкүнчүлүк алышат.

Ошондой эле, фестиваль белгилүү ырчылар, элдик фольклор ансамбли менен бий группаларынын катышуусундагы этно концерт менен коштолот.

Фестиваль сентябрь айынын аягына чейин уланат.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар