II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 35 өлкөнүн өкүлдөрү катышат

II Дүйнөлүк көчмөн оюндары ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт.

548475
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 35 өлкөнүн өкүлдөрү катышат

 5 күндүн ичинде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга дагы 6 мамлекет билдирме берди. Алар: Белоруссия, Германия, Иран, Сербия, Чехия жана Жапония. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

Демек, ушул жылдын 9-августуна карата Көчмөндөр оюндарына катышаарын 35 мамлекет расмий тастыктады: Азербайжан, Аргентина, Армения, Белоруссия, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Германия, Израиль, Индия, Индонезия, Иран, Италия, Казахстан, Кытай, Колумбия, Латвия, Литва, Монголия, Нидерланды, Пакистан, Перу, Польша, Орусия (Башкортостан, Карачаево-Черкессия, Свердлов облусу, Челябинск облусу), Сербия, Словакия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Чехия, Шри-Ланка, Эквадор, Эстония жана Жапония.
Учурда чет мамлекеттерден Көчмөндөр оюндарына катышуу тууралуу табыштамаларды кабыл алуу уланууда.

II Дүйнөлүк көчмөн оюндары ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт. Мелдештердин программасында спорттун 23 түрү, анын ичинде ат чабыш жана атоюндары боюнча мелдештер, күрөш, улуттук оюндар, жаачылардын салттуу жаа атуу мелдештери, мергенчиликтин улуттук түрлөрү, салттуу интеллектуалдык оюндар бар.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар