Кыргызстанда ЖОЖдордун алдындагы аскер кафедралары жоюлмакчы
Мыйзам 14-августта күчүнө кирет
545054
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев университеттердеги аскердик бөлүмдөрдүн жабылышын көздөгөн мыйзамды бекитти.
14-августта күчүнө кире турган мыйзамга караганда Медициналык академиядан башка бардык жогорку окуу жайлардагы аскердик кафедралар жоюлат.
Ошондой эле 25-40 жашка чейинки аскер кызматын өтөбөгөн жарандар 50 миң сом (болжол менен 740 доллар) төлөп, аскердик кызматтан өткөн болот.