Бишкекте Борбордук Азиянын кол өнөрчүлөрүнүн 9-эл аралык фестивалы башталды
Иш-чарага Кыргызстандын, Индиянын, Ооганстандын, Россиянын, ошондой эле Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн 150дөн ашык кол өнөрчүлөрү катышууда.
539691
Бишкекте Борбордук Азиянын кол өнөрчүлүгүнүн жана маданиятынын «Оймо-2016» 9-эл аралык фестивалы башталды.
Көл өнөрчүлөрдүн эмгектери учурда Көркөм сүрөт музейине коюлган. Мындан соң фестиваль 29-31-июлда Бишкектин “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында өтөт. Ал эми 1-7-августта Чолпон-Ата шаарынын борбордук аянтында көргөзмө -жармаңке ачылат.
Уюштуруучулардын айтымында, фестиалдын башкы максаты – Кыргызстанда көл өнөрчүлөрдүн рыногун өнүктүрүү, көл өнөрчүлүк салтын кайрадан жаратуу, маданий мурастарды сактоо болуп саналат. Иш-чарага Кыргызстандын, Индиянын, Ооганстандын, Россиянын, ошондой эле Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн 150дөн ашык кол өнөрчүлөрү катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги