Борбордук Ала-Тоо аянтында улуттук кийимдердин флэш-мобу өткөрүлөт

Улуттук кийим менен Бийлөө салтанатына катышыңыз

529900
Борбордук Ала-Тоо аянтында улуттук кийимдердин флэш-мобу өткөрүлөт

Тарых жана маданият жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык мааракесине карата 31-августа Борбордук Ала-Тоо аянтында «Ак элечек айымдар» коомдук бирикмеси улуттук кийимдер менен улуттук бий бийлеп улуттук кийимдердин флэш-мобун өткөрөт. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылына даярдануу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чара Тарых жана маданият жылын даярдоо, өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын колдоосунда өткөрүлөт.

Флэш-мобдо 10 жаштан 15 жашка чейинки кыз балдар улуттук көйнөк, кемсел, топу, 15 жаштан 18 жашка чейинки тестиер кыздар кызтакыя, кемсел көйнөк менен бийлешет. Ал эми 18 жаштан 20 жашка чейинки кыздар кептакыя, кемсел көйнөк, 20 жаштан 25 жашка чейинки жаштар шөкүлө, кемсел көйнөк кийишет.

25 жаштан 30 жашка чейинки айымдар болсо келин элечекти, 30 жаштан 50 жашка чейинкилер айым элечекти, 50 жаштан жогорку байбичелер байбиче элечекти даңазалашат. Улуттук кийим - бул улуттун нравалык маданиятын, кадыр-баркын даңазалаган атрибут. Ар бир улуттук кийим руханий байлыктын эталону, андагы саймаларда, оймолордо башка эскиздерде элдин тарыхый баскан жолу, туткан каада-салты чагылдырылат.
Аталган улуттук кийимдердин флеш-мобу жаштардын кыргыздын улуттук кийимине болгон кызыгуусун арттырып, элдик каада-салттарды аздектөөгө чакырат.

«Ак элечек айымдар» коомдук бирикмесинин бул демилгеси байыркы улуттук баш кийимдерибизди жайылтып, этномаданиятыбызды өркүндөтүү максатын көздөйт. Улуттук киймибизди урматтаган бардык жарандарды флеш-мобго катышууга чакырабыз. Өзүңүздөрдүн курагыңыздарга ылайыктуу улуттук кийимди кийип жарым сааттык Бийлөө салтанатына катышыңыздар”, деп айтылат билдирүүдө.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар