Кыргызстандыктар Якутияда өткөн эл аралык оюндарда 13 медаль утуп алышты

“Азия балдары” эл аралык спорттук оюндары уланып жатат

528688
Кыргызстандыктар Якутияда өткөн эл аралык оюндарда 13 медаль утуп алышты

Кыргызстандын курама командасы Якутияда өткөн “Азия балдары – 2016” эл аралык оюндарда 13 медаль утуп алышты. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, эң жогорку жетишкендиктери үчүн медалдарды Денис Петрашов (сууда сүзүү), Айбек Кубанычбек уулу (дзюдо), Ильгиз Матмусаев (бокс) жеңип алышты.

Күмүш медалдарга Денис Петрашов (200 м. сууда сүзүү), Нургазы Жанбосунов (42 кг – самбо) татыды. Коло медалдарга Сансанза Хамид (60 кг – дзюдо), Адиль Мырзаев (66 кг – дзюдо), Дастанбек Ормонов (48 кг – бокс), Санжай Сейдакматов (52 кг – бокс), Урмат Бектурсунов (75 кг – бокс), Сулайман Сүйүнбек уулу (70 кг – бокс) жана Алияр Юбуров (73 кг – таэквондо) ээ болушту.

Эскерте кетсек, “Азия балдары” эл аралык спорттук оюндары 6-июлдан башталып, 16-июлга чейин уланмакчы. Мелдешке 36 өлкөдөн 16 жашка чейинки 3000ден ашык спортчулар катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар