КМШда көчмөндөр оюндарына карата жыйын өттү

КМШ кеңешинин жыйынында маалыматтык колдоо жаатында кызматташуу туурасында чечим кабыл алынды.

526697
КМШда көчмөндөр оюндарына карата жыйын өттү

КМШ өлкөлөрү экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну туурасында маалыматтарды жайгаштыруу үчүн Кыргызстанга атайын маалымат аянтчаларын бөлүп берет. 

Бул туурасында Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жуманкулов КМШ туризми боюнча кеңештин жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, кеңештин жыйынында маалыматтык колдоо жаатында кызматташуу туурасында чечим кабыл алынды. Алсак "Мир" телерадиокомпаниясы экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну жана жалпы эле Кыргыз өлкөсү туурасында "С миру по нитке" программасында сөз кылат. 

Аны менен Жуманкулов көчмөндөр оюну аркылуу Кыргызстандагы этно маданий туризм өнүгөөрүн кошумчалады. Жыйында белгиленгендей, 2015-жылы Кыргызстанга чет өлкөдөн 4 млн жаран кирген. Анын 40 пайызга жакынын туристтер түзөт дейт министрдин орун басары Жуманкулов. 

Белгилей кетсек, КМШ туризми боюнча өткөн Кеңешмеге Орусиянын, Казакстандын, Азербайджандын, Өзбекстандын, Армениянын, Белорусиянын, Таджикстандын, жана Туркменистандын министрликтеринен, элчиликтеринен өкүлдөр катышкан.

КТРК сайтынан алынды

 



Тектеш кабарлар