Германиянын канцлери Ангела Меркель расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Ангела Меркелдин расмий иш сапары 13-14-июлга белгиленген

525047
Германиянын канцлери Ангела Меркель расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Кыргызстанга Президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен Германиянын канцлери Ангела Меркель келет. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ангела Меркелдин расмий иш сапары 13-14-июлга белгиленген. Мында Атамбаев жана Меркель Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташуунун абалы, аны өнүктүрүү маселелерин талкуулашары күтүлүүдө. Мындан тышкары, лидерлер эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышмакчы.

Жолугушуунун соңунда Атамбаев менен Меркель биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшөт.
Расмий сапардын алкагында Меркелдин Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугары да күтүлүүдө.

"Кабар" малымат агенттиги



Тектеш кабарлар