Алмазбек Атамбаев Александр Лукашенкону Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди

522718
Алмазбек Атамбаев Александр Лукашенкону Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик майрамга – Беларус Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Беларус Президенти Александр Лукашенкого куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргыз Республикасынын жана Беларус Республикасынын ортосундагы, анын ичинде регионалдык бирикмелердин алкагындагы өз ара пайдалуу кызматташтык биздин элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн мындан ары да өнүгө берерине ишенем», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Беларус Президенти Александр Лукашенкого бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми дос Беларус элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар