Майрамдык Айт намаз Фрунзе көчөсүндөгү Жеңиш паркында өтөт

Бишкек ШИИБдин патрулдук милициясынын кызматкерлери Айт намаз учурунда жарандардын коопсуздугун камсыз кылат.

521630
Майрамдык Айт намаз Фрунзе көчөсүндөгү Жеңиш паркында өтөт

Майрамдык Айт намаз 5-июль күнү саат 07:30дан 08:10го чейин Фрунзе көчөсүндөгү Жеңиш паркында өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эски аянттагы жолдордо жүрүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу, Айт намазы Фрунзе-Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен башталып Ибраимов көчөсүнө чейин болот.

Биринчи май району боюнча «Тазалык» жана «Жашылдандыруу» шаардык кызматтары иш-чара үчүн даярдык көрөт. Бишкек ШИИБдин патрулдук милициясынын кызматкерлери Айт намаз учурунда жарандардын коопсуздугун камсыз кылат.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар