Президент Алмазбек Атамбаев Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Кыргызстан эли боордош түрк эли менен кошо аза күтүп, террорчулуктун бардык түрүн кескин айыптайт

520574
Президент Алмазбек Атамбаев Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга Стамбул шаарынын "Ата-Түрк" атындагы аба майданында террордук актынын айынан адамдардын курман болушуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Ата-Түрк" атындагы аба майданында көп адамдын курмандыктарына алып келген террордук акт тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан эли боордош түрк эли менен кошо аза күтүп, террорчулуктун бардык түрүн кескин айыптайт", - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө кайрат айтып, ал эми жабыр тарткандардын тезинен сакайып кетишин тиледи.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар