Чыңгыз Айтматовдун мыктан жана жиптен жасалган элеси жазуучунун үй-музейине тапшырылды

Айтматовдун жип жана мыктан жасалган портрети 88 миң сомго сатылган болчу.

519946
Чыңгыз Айтматовдун мыктан жана жиптен жасалган элеси жазуучунун үй-музейине тапшырылды

Жеке ишкер Элмурат Алымкулов 88 миң сомго сатып алган Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мыктан жана жиптен жасалган элеси 25-июнда Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музейге тапшырылды.

“Бул портрет менин үйүмдө турганчакты Чыңгыз Айтматов атындагы музейди сакталып турсун. Анткени, аны үйдө аз гана адамдар көрө алат. Ал эми бул керемет портретти музейден бардык каалоочулар, келген коноктор көрүп, баамдаганга мүмкүнчүлүк бар. Мен бул портертти музейге чын жүрөгүмдөн тапшырдым, менин оюмча мендей инсандар өлкөбүздө көп”, - деди Элмурат Алымкулов.

Ал эми Элдар Айтматовдун айтымына караганда, бул белек музейге кыргызстандыктардын алгачкы белеги болду.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар