Кыргызстанда санариптик берүүлөр

Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.

518655
Кыргызстанда санариптик берүүлөр

Санариптик телерадиоберүүгө өтүү менен көрүүчүлөр жогорку сапаттагы теле уктуруулар менен сапатуу видео көрсөтүүлөрдү көрө алышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гулмира Кудайбердиева Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди.

«Женева-2006» санариптик берүүгө өтүү боюнча эл аралык келишимине ылайык, 2011-жылдан тартып Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасы ишке ашырылып келе жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Санариптик телерадиоберүүгө өтүү менен көрүүчүлөр көптөгөн телеканалдарды жогорку сапаттагы теле уктуруулар менен сапатуу видео картиналарды көрүүгө шарт түзүлөт.

Ошондуктан санариптик телерадиоберүүгө өтүү менен калкыбыз утушка ээ болот. Ал эми өлкөдө аналогдук берүүлөрдү толугу менен өчүрүү 2017-жылга пландаштырылууда -деп баса белгиледи вице-премьер-министр.

Гулмира Кудайбердиева санариптик телерадиоберрүүгө өтүүдө калкка телеантеналарга ресиверлерди орнотуу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү ишитерин жүргүзүүнү тапшырды. “Бул ишке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартылышы керек”, - деп билдирди вице-премьер-министр Гулмира Кудайбердиева.



Тектеш кабарлар