Бишкекте Колуктулар парады өттү
Мындай парад Бишкекте 1-мертебе уюштурулуп жатат.
Бүгүн Бишкекте үйлөнүү үлпөтүнүн кийимдеринин жана ивент-товарлардын, ошондой эле Wedding and event expo-2016 тейлөө иш чараларынын алкагында Колуктулар парады болуп өттү.
Турмушка чыккан да, чыга элек да кыз, келиндер – каалоочулардын бардыгы колуктунун ролун аткарышты. Парадды кыргыз эстрада жылдыздары жана Бишкектин медиаперсондору коштоп жүрдү.
Уюштуруучулардын айтымында, иш чаранын максаты - ife-style жаңы модасын жайылтуу, үй-бүлө баалуулугун бекемдөө, ишенимди, достуктуу, бири-бирине сый-урматты арттыруу болуп саналат.
«Event Deluxe» event-агенттигинин башкы директору Салкынай Воинованын маалыматына караганда, мындай парад Бишкекте 1-мертебе уюштурулуп жатат. Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган мындай иш-чара өлкөнүн имиджин көтөрүүгө тасир этет.
"Кабар" маалымат агенттиги