Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Медведевди куттуктады

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады

508835
Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Медведевди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевди мамлекеттик майрам – Россия күнү менен куттуктады.


“Сиздин Кыргыз Республикасына жакында болгон расмий сапарыңыздын алкагында бардык жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы кыргыз-россиялык кызматташтыктын мындан аркы көп тармактык өнүгүүсүнө, мамлекеттерибиздин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздук мамилелердин бекемдөөсүнө жакшы түрткү берет деп ишенем”, – деп айтылат Өкмөт башчысынын куттуктоосунда.


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош Россия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.



Тектеш кабарлар