“Саякбай энциклопедиясы” жарык көрдү

Энциклопедияда улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы, ал жөнүндө ой-пикирлер, документтер кеңири камтылды.

500571
“Саякбай энциклопедиясы” жарык көрдү

КРнын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен “Саякбай энциклопедиясы” жарык көрдү. Бул туралуу УИАнын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Манасчы Саякбайдын энциклопедиясына баш сөз жазган Кыргызстандын Президенти А.Атамбаев “Саякбай атабыз көчмөн турмушта, согуш алааматынын катаал шартында көөнөрбөс ыйык мурасты сактап, өркүндөтүп, бизге табыштап кеткен. Жалпы адамзат маданиятынын дүйнөлүк кенчине татыктуу салымын кошкон”,–деп баса белгилеп, кыргызстандыктарды китептин жарык көрүшү менен куттуктаган.

Энциклопедияда улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы, ал жөнүндө ой-пикирлер, документтер кеңири камтылды. А.Акматалиев илимий жетекчилик кылган аталган энциклопедияны Жогорку Кеңештин экс-депутаты Самат Ибраев жана коомдук ишмер Болот Берикбаев каржылаган.

Энциклопедия 500 нускада чыгып, “Принт-Экспресс” басмасында жарык көрдү.



Тектеш кабарлар