Кыргызстанда ак илбирстер көзөмөлдөнүүдө
Кыргызстанда экинчи ак илбирске спутник каргысы салынды.
496085
2013-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында ак илбирсти коргоо улуттук стратегиясынын алкагында спутник каргысынын жардамы менен ак илбирстин күнүмдүк активдүүлүгүн жана бир жерден экинчи жерге жүрүүсүн көзөмөлдөө боюнча долбоор ишке ашырылууда.
2016-жылы 8-майда КРнын Өкмөтүнө караштуу айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана “Пантера” коомдук уюмунун адистери Жолдош Бектемиров, биолог Шеннон Кэхел, ветеринар Мартин Гильбер Сарычат-Эркештам мамлекеттик коругунда ак илбирстин ургаачысына экинчи каргыны тагышты.
2015-жылы октябрда азыркы жерден 4 километр аралыкта биринчи каргы тагылган болчу.