Бүгүн Бишкекте “Музейдеги түн” маданий акциясы өтөт

Келгендер музейге акысыз кирип, экспозициялар менен кеңири тааныша алат.

492913
Бүгүн Бишкекте “Музейдеги түн” маданий акциясы өтөт

1978-жылдан бери 18-майда дүйнөдөгү бардык музейлерде Эл аралык музейлер күнү белгиленип келет. Бул күнү бардык музейлер каалоочулар үчүн өзүнүн эшигин ачат. Келгендер музейге акысыз кирип, экспозициялар менен кеңири тааныша алат.

Бул жылы М.В.Фрунзе атындагы кыргыз мамлекеттик мемориалдык үй-музейдеги маданий акция “Муйзейдеги түн” деп аталып, музейдин мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүгө багытталат.

Акциянын максаты – келгендерди тарыхый-маданий, илимий, билим берүү борбору катары гана эмес, бардык адамдар үчүн кызыктуу жана популярдуу жайга айлантуу болуп саналат. 
“Музейдеги түн” акциясынын программасында: 
- КРнын Куралдуу күчтөр башкы штабынын катышуусу менен концерт;
- Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын театралдык мектебинин жана “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун окуучуларынын концерттик программасы;
- “М.В.Фрунзенин сүрөт искусствосундагы образы”;
- “М.В.Фрунзе музейинин сыйлыктары;
- “Дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы музейлер” слайд-шоусун көрсөтүү;
- “Кыргызстандын кол өнөрчүлөрү”;
- “Жаштар лидер клубунун” концерттик программы жана башкалар көрсөтүлөт.

Иш-чаранын ачылышы бүгүн, 18-майда саат 15:30 да аталган музейде башталып, түнкү 22:00до бүтөт.



Тектеш кабарлар