Чет өлкөлүк журналисттер 2-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырылды

2-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл 3-8-сентябрда өтөт

492197
Чет өлкөлүк журналисттер 2-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырылды

11-14-майда Минскиде өткөн “Келечек үчүн өнөктөштүк” аттуу 11-Белоруссиялык эл аралык медиафорумдун жүрүшүндө КРдын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова КМШ өлкөлөрүнүн, Кытайдын, АКШнын, Бельгиянын, Израилдин, Чехиянын, Сербиянын, Финляндиянын жана башка мамлекеттердин журналисттерин быйыл сентябрда Кыргызстанда өтө турган 2-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун чагылдырууга чакырды.

А.Темирбекова 2-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл 3-8-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде Чолпон-Ата шаарында мамлекет башчыларынын, көрүнүктүү коомдук ишмерлердин, дүйнөнүн 40тан ашык өлкөлөрүнүн спортчуларынын катышуусунда өтөөрүн белгиледи.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар