Бүгүн Бишкекте “Ак Илбирс” Улуттук кино сыйлыгы салтанаттуу тапшырылат

2015-жылдан тартып “Ак Илбирс” кино сыйлыгы бүтүндөй Борбордук Азияны камтууда.

489845
Бүгүн Бишкекте “Ак Илбирс” Улуттук кино сыйлыгы салтанаттуу тапшырылат

Бүгүн Бишкек шаарынын “Манас” кинотеатрында “Ак Илбирс” Улуттук кино сыйлыгын тапшыруу салтанаты өтөт. Бул тууралуу КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган кино сыйлык 2012-жылы Кыргызстанда уюштурулуп, өлкөнүн кинематография тармагын өнүктүрүүгө стимул берүү максатын көздөп келүүдө. Кино сыйлык КР кинематографисттер союзунун, “Айтыш” коомдук фондунун, КР кинематографисттер департаментинин жана КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көмөгүндө өткөрүлүүдө. 2015-жылдан тартып “Ак Илбирс” кино сыйлыгы бүтүндөй Борбордук Азияны камтууда.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар