“Энелер күнүнө” карата «Эне болуу - ыйык милдет» аттуу майрамдык акция өтөт

10-12-майда аялдар медициналык кароодон акысыз өтө алышат

487605
“Энелер күнүнө” карата «Эне болуу - ыйык милдет» аттуу майрамдык акция өтөт

12-майда Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борбору Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсү 1 дарегиндеги Клиникалык төрөт үйүнүн базасында “Энелер күнүнө” карата «Эне болуу - ыйык милдет» аттуу майрамдык акция өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Иш чарага тиешелүү министрликтин жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эстрада жылдыздыры катышат. Иш чаранын алкагында 10-12-майда ачык эшик күнү өтүп, аялдар медициналык кароодон акысыз өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар