Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктоосу

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 5-Май – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктады.

484459
Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

Кымбаттуу мекендештер!

Көзкарандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынгандан бери 23 жылөттү. Бул жылдары өлкөбүздүн Негизги мыйзамынын үстүнөн бир катар акылга сыйбаган эксперименттер жүргүзүлүп, эки үй-бүлөлүк-кландык режимдин жеке кызыкчылыктарына ылайыкталып оӊдолуп-түздөлүүгө дуушар болду.

2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаӊы Конституциясы өлкөнү оӊ өзгөрүүлөргө карай бурду. Чукулунан кабыл алынгандыктан, айрым кемчиликтери болгонуна карабай, бул Негизги мыйзам Кыргызстаныбыздын кайра жаралуусуна жана укуктук демократиялык мамлекетти курууга башат болуп берди.

Бүгүн Кыргызстан өз өнүгүү жолун таап, иш жүзүндө эркин жарандардын өлкөсүнө айланууда. Биздин өнүгүү моделибиз кыргыз элинин эркин мүнөзүнө, улуттук намысына жана адилетсиздикке моюн сунбаган бекем рухуна таянат. Күчтүү экономикасы бар жана жашоо-турмушу бакубат, нукура көз карандысыз мамлекетти курууга болгон элибиздин эркине таянат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы элибиздин рухуна шайкеш келип, өнүгүү жолуна жарык чачкан шам болууга тийиш. Турмуш баарын орду-ордуна коюп жатат: мыйзамдардагы биздин кулк-мүнөзүбүзгө жат жана жасалма таӊууланган нерселер өзүнөн өзү жокко чыгып, тетирисинче мыйзамдарыбыз Кыргызстандын кызыкчылыктарына төп келген эрежелер жана жоболор менен толукталууда. Бир гана эл мыйзамдарыбызды өнүгүүгө өбөлгө болгудай, адамдарыбыздын үмүт-тилектерине шайкеш кылып жасай алат.

Урматтуу мекендештер!

Өлкө тагдыры үчүн ар бирибиз жоопкербиз. Баарыбыз тең Мыйзам боюнча, Ыйман жана Абийир менен жашоого милдеттүүбүз! Күн сайын ак эмгегибиз менен балдарыбыздын жаркын келечегине, Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине жол чабалы!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайм!

Баарыңыздарга бакыт-таалай, ден соолук жана бакубатчылык каалайм!



Тектеш кабарлар