Дүйнөдөгү эң бай адамдар

Дүйнөдөгү эң бай адамдар дүйнөлүк экономиканы көзөмөлдөп турушат.

482086
Дүйнөдөгү эң бай адамдар

Дүйнөдөгү бул эң бай адамдар мода жана телекоммуникациядан баштап, электр кубаттуулугуна жана болот өндүрүшүнө чейинки тармактарды камтыган, дүйнөлүк экономиканы баштан-аяк көзөмөлдөп турушат.


Карлос Слим Элу (Carlos Slim Helu)

Жалпы байлыгы; $53.5 миллиард
Тармагы; Телекоммуникация.
Мекени; Мексика

Бул телекоммуникация тармагынын магнаты 1990- жылы Мексикадагы Улуттук байланыш компаниясын менчиктештирип алган соң, дүйнөдөгү эң бай адам катары саналган. Карлос Слим Элуге Telefones de Mexico, Altria Group (мурунку Philip Morris), Telcel жанаAmerica Movil телекоммуникация компаниялары тийиштүү.

Билл Гейтс (Bill Gates)

Жалпы байлыгы; $53 миллиард
Тармагы; Microsoft компаниясы
Мекени: АКШ

Microsoft компаниясынан тышкары, 60 % киреше Билл Гейтске, Four Seasons, Televisa жана Auto Nation мейманкана тармактарынан түшүп турат. Билл Гейтс 2008 - жылы Microsoft компаниясынын милдеттеринен бошогон соң ,өзүн кайрымдуулукка арнаган.

Мукеш Амбани (Mukesh Ambani)

Жалпы байлыгы: $29 миллиард
Тармагы: Нефть жана көгүлтүр от.
Мекени: Индия.
Мукеш Амбанинин Reliance Industries компаниясы Индиядагы эң кымбат бизнес.


Лакшми Миттал (Lakshmi Mittal)

Жалпы байлыгы: $28.7 миллиард 
Тармагы: Болот өндүрүшү.
Мекени: Индия.
Лондондогу эң бай резидент катары Индиядан келген эмигрант Лакши Миттал эсептелинет. Ал дүйнөдөгү эң ири ArcelorMittal болот иштетүүчү заводду жетектейт. Анын кирешеси 2009 -жылы 75% төмөндөп кеткен. Декабрь айында Лакшми Миттал казак жергесиндеги улүшүн сатуу менен , $1.1 миллиард кирешеге ээ болгон.

Лоуренс Эллисон (Lawrence Ellison)

Жалпы байлыгы: $28 миллиард
Тармагы: Oracle корпорациясы
Мекени: АКШ.
Ишканаларды программа жана аппарат жабдыктары менен камсыз кылган, Oracle өндүрүш корпорациясынын негиздөөчүсү Лоуренс Эллисон аталат. Беш жыл ичинде, ал 57 компаниялуу болууга жетишкен. 2010- жылы январь айында Лауренс Эллисон, Sun Microsystems компаниясын $7.4 миллиардка сатып алган.Миллиарддер Чикаго штатындагы университетте билим алган, бирок окуу жайды бүтүргөн эмес. Ал эми 1997- жылы Oracleкомпаниясын түптөгөн.

Бернард Арно (Bernard Arnault)

Жалпы байлыгы: $27.5 миллиард
Тармагы: Сулуулук буюмдары.
Мекени: Франция.
Сулуулук ар дайым модада. Бул айтылган кеп, мода индустриясынын алпына,эң бай адам наамына ээ болууга жардам берген. Европадагы, Moet Hennessy Louis Vuitton (LVMH) компанияларынын акциялары 57% өскөн.

Амансио Ортега (Amancio Ortega)

Жалпы байлыгы: $25 миллиард 
Тармагы: Саркеч кийимдерди сатуу,
Мекени: Испания.
Амансио Ортега Inditex компаниясынын ээси.Аталган компания бир нече бренддер менен иш жүргүзүп келет. Эң белгилүүлөрү: Zara, Massimo,Dutti жана Stradivarius сыяктуу бренддер. Мексика менен Сирияда жаңы ачылган дүкөндөрдөн тышкары, 4,500 кийим дүкөнү 73 өлкөдө иштетилип келет.

Карл Альбрехт (Karl Hans Albrecht)

Жалпы байлыгы: $23.5 миллиард.
Тармагы: Соода түйүндөр.
Мекени: Германия.
Aldi Sud дисконт - соода түйүнү бир гана Германияда гана эмес,Европа өлкөлөрүндө дагы иштетилет. Америкада жана ошондой эле 29 штатта 1,000 дүкөн ачылган.Кээ бир маалыматтарга таянсак, соода- сатыгы $37 миллиардга бааланат. Мындай ийгилик апасынын кичинекей дүкөнчөсүнөн башталган. Экинчи дуйнөлүк согуштан кийин Карл кичүү иниси Тео менен биригип, Aldi түйүнүн негиздешкен. Ал эми 1961- жылы ага - инилер Австрия менен АКШ өлкөлөрүн бөлүп алышкан. Тэого түндүк Германия жана калган Европа өлкөлөрү тийиштүү болгон.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар: #Дүйнөдөгү эң бай

Тектеш кабарлар