7 ata.kg сайты ачылды

2016-жыл Тарых жана маданият жылына карата кыргыздардын тарыхына арналган 7 ata.kg сайты ачылды

477785
7 ata.kg сайты ачылды

 Бул туурасында бүгүн “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйында сайттын негиздөөчүсү Исаев Таалайбек билдирди.

Көп жылдан бери борбор калаада №60 мектепте тарых сабагынан билим берип келе жаткан Таалайбек Исаев 7 ata.kg элдик долбоорун иштеп чыкты. Анын айтымында, сайтты иштеп чыгуунун башкы максаты - , элибиздин тарыхын жети атасы аркылуу таанытып, аны унутта калтырбоо. 
Аталган сайтка маалымат чогултуп, санжыраны, тарыхты изилдеп чыгуу үчүн жалпысынан 4 жыл убакыт кеткен. Ал эми Кыргыздарга бул сайт эмнеге керек?,- деген суроого тарыхчы төмөнкүчө жооп берди.

“Азыр биз XXI кылымда жашап жатабыз. Маалыматтык технологиянын доору. Биздин долбоорго катышуу менен сиз мекенибиздин булуң-бурчундагы жашап жаткан кыргыздар тууралуу билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анда ар бир жарандын жети атасы тууралуу маалыматтар камтылат. Ошондой эле, биздин заманга чейин 101-жылы эмне болгондугу тууралуу маалымат ала алышат”,-деди Т.Исаев.

“Бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү бардык шаарлар, айылдар тууралуу маалымат камтылган бир дагы сайт жок. Мындан улам 7 ata.kg сайтында атайын айыл-апа жана Эл тарыхы социалдык түйүндөрү түзүлгөн. Айыл-апа бөлүкчөсүндө республикабыздын бардык айылдары, райондору толугу менен камтылды. Анда кайсы райондо канча, кандай айылдар бар экендигин толук билип алууга болот. Ал элдин биримдиктүү болуусуна жол ачат”,-деп кошумчалады тарыхчы.


Этикеткалар: #7 ata.kg сайты , #тарыхы

Тектеш кабарлар