БАУ быйыл 70 студентти кабыл алат

Нарын шаарындагы Борбор Азия университети (БАУ) быйыл сентябрдан тартып студенттерди бакалавриат программасы боюнча кабыл ала баштайт

461344
БАУ быйыл 70 студентти кабыл алат

Нарын шаарындагы Борбор Азия университети (БАУ) быйыл сентябрдан тартып студенттерди бакалавриат программасы боюнча кабыл ала баштайт. Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанда курулушу жүрүп жаткан аталган окуу жайдын Нарын шаарындагы кампусунда 15-апрелге чейин каалоочулар “Компьютер илими” жана “Коммуникация жана ММК” багыттары боюнча тапшыра алышат. Ал эми келечекте студенттердин саны 1200гө жетет. Алар негизинен үч өлкөдөн болушат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БАУнун маалымат кызматы билдирди.

“Учурда курулушу Кыргызстандын Нарын, Казакстандын Текели жана Тажикстандын Хорог шаарларында жүрүп жаткан Борбор Азия университети быйыл сентябрь айында Нарында алгачкы ирет студенттерди кабыл алып, окуу процесси башталмакчы. Окутуучулар менен студенттер үчүн жатакана, окуу корпустары, тамак-аш жана башка баардык зарыл шарттар түзүлгөн. Ал эми окутуучулар эл аралык деңгээлде болушат жана 75%ы чет өлкөлөрдөн, калганы Кыргызстандан болот”,- деп айтылат маалымат кызматынын билдирүүсүндө.



Тектеш кабарлар