Алмазбек Атамбаев Бельгиянын Королуна көңүл айтты

Алмазбек Атамбаев Брюсселдеги террористтик актыларга байланыштуу Бельгиянын Королуна көңүл айтты

456641
Алмазбек Атамбаев Бельгиянын Королуна көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн 23-мартта, Брюсселде болуп өткөн террористтик актылардын натыйжасында жарандардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
«Кыргыз Республикасы бул адамгерчиликсиз жана үрөй учурган террористтик актыны чечкиндүү айыптайт жана террористтик актыларды адамгерчиликке сыйбайт жана актоого болбойт деп ишенет»,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарын жана жакындарын колдоорун билдирди жана бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.
"Кабар" маалымат агенттиги


Тектеш кабарлар