Бүгүн Кыргызстандын бардык аймагында өпкөнүн сезгенишине каршы эмдөө иштери башталат

Дарыгелердин айтымында пневмококк инфекциясына каршы ПКВ 13 вакцина колдонулат.

455547
Бүгүн Кыргызстандын бардык аймагында өпкөнүн сезгенишине каршы эмдөө иштери башталат

Бүгүн Кыргызстандын бардык аймагында өпкөнүн сезгенишине каршы эмдөө иштери башталат. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунан билдиришти.

Акыркы убакта 1 жашка чейинки балдар арасында өпкөнүн сезгенишинен каза болгондор көп катталууда. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын буйругуна ылайык, өпкөнүн сезгенишине каршы эмдөө календарга киргизилген. Ага ылайык жашы 2 ай, 5 ай жана 1 жаштагы балдар эмдөөдөн өткөрүлмөкчү.

Дарыгелердин айтымында пневмококк инфекциясына каршы ПКВ 13 вакцина колдонулат. Ал коопсуз. Эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берет. Бул вакцинаны алгандан кийин ал жеңил өтөт. Вакцинага байланыштуу оор, жагымсыз реакциялар чанда гана кездешет. Өз учурундагы вакцинага каршы күрөшүү балдардын иммунитетин жогорулатат. Ошону менен бирге вакцина аркылуу башкарылуучу инфекциялардын пайда болуу коркунучун төмөндөтүү жана жок кылуу максатында жүргүзүлөт.

Ал эми өпкөнүн сезгенишине каршы ПКВ 13 вакцинасы Pfizer Limited Sandwich компаниясы, АКШ жана Франция, Бельгия биргелешкен өндүрүшү тарабынан өндүрүлүп чыгарылган. Эмдөө дүйнөнүн 90 өлкөсүндө жүргүзүлөт.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар