А. Акматалиевдин “Эмбриондон ак булутка карай...” эмгеги жарык көрдү

Эмгекте “Манас” эпосу, фольклор, акындар чыгармачылыгы жана профессионал адабият, адабий байланыш маселелери камтылган.

447385
А. Акматалиевдин “Эмбриондон ак булутка карай...” эмгеги жарык көрдү

Академик Абдылдажан Акматалиевдин “Эмбриондон ак булутка карай...” деген китеби “Улуу тоолор” басмаканасынан (2016) жаңыдан басылып, окурмандарга тартууланды. Эмгекте “Манас” эпосу, фольклор, акындар чыгармачылыгы жана профессионал адабият, адабий байланыш маселелери камтылган.

Автор “Манас” эпосу менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын ортосундагы жалпылыктарды табууга аракеттенип, “Кассандра тамгасы” романынын идеясы “Манас” эпосунда жаткандыгын, улуу эпосту улуу жазуучу кандайча чыгармачылык менен өздөштүргөндүгүн ынанымдуу көрсөтөт. Ошону менен бирге, Сагымбай, Токтогул жана Алыкул Осмонов сыяктуу улуу инсандардын чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу пикирлер орун алган.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар