Ак калпак күнү

Кылым карыткан кыргыз калпагы

445481
Ак калпак күнү

Кыргыздардын улуттук баш кийими бул - Ак калпак. Кыргыз калпагы - жашоо-тиричиликке ыңгайлуу, жайы күндөн сактаса, кышкысын суукта коргогон ыйык баш кийим. Ал эми, 2011-жылдын 5-мартынан тарта Кыргызстан боюнча Ак калпак күнү белгиленип келет. Дал ушул ак калпак күнүнө карата “Кабар” маалымат агенттигинин журналисттери Улуттук “Кыял” кол өнөрчүлөр бирикмесинин ууз, чебери Ишенбүбү Аламанова менен маек курду.

-Калпактын жасалышы жана түрлөрү тууралуу айтсаңыз.

-Көпчүлүк билгендей эле калпак кийизден жасалат. Кийиздер Сосновкада жана Токмок шаарында фабрикадан чыгарылат. Биз ал жерден таза жүндөн жасалган кийиздерди алабыз. Мындан сырткары кол кийизден жасалган калпактар дагы бар. Ар бир калпактын өзүнүн аты жана оюмдары болот. Мисалы, Манас оюм, Семетей оюм деген сыяктуу. Калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу өзүнө таандык маанини туюндуруп турат. Мындан тышкары кыргыздар уруу-уруу болуп жашап келгендиги үчүн азыр ар ким өзүнүн уруусунун “Н” тамгаларын түшүрүп берүүнү суранышат. Ал атайын саймалар менен кооздолот. Саймалар ар кимдин каалоосуна жараша сайылат

-Бир күндө канча калпак жасоого болот?

-Эгерде жөнөкөй, оңой жасала турчу калпак болсо бир күндө бир киши 10 калпак тигүүгө болот. Кээ бир учурда бир күндө бир калпак бүткөрүүгө мүмкүн эмес. Анткени, ал көп эмгекти талап кылат. Атайын сайма менен сайылып жасалат. Тигип, билип жүргөн ууз чебер болсо эки күндө бүтө алат.

-Учурда калпактын баалары кандай?

-Ал эми бааларына токтолсок. Жердиги таза кийизден жана бархыты таза болгон калпак 1500 миң сом деп бааланат. Ал эми, саймалары кол менен чырашталып, эки күндүк эмгекти талап кылган калпактын баасы 2000 сом. Жөнөкөйрөөк кийизден жасалган калпак 550-650 сомдон сатылат.


-Калпактын чачыгы кандай маанини туюндурат?

-Бул баш кийим ыйык деп саналат. Аны жерге койгонго болбойт. Ал эми, чачыктын дагы өзгөчө мааниси бар. Бул чачык илгери ата-бабалар калпак кирдебесин, таза болсун деп чачыктан кармап жүктүн үстүнө коюп коюшчу. Ал эми бир четинен чачык кооздук берип турат.

-Калпактын кайсы түрү суроо-талапка ээ?

-Калпакты учурда жашы-карысы дебей кийип жүрүшөт. Бул өтө кубандыраарлык нерсе. Бир мезгилде калпак унутта калган. Азыр айрыкча жаштар кызыгып, кийип жүрөт. Жаш балдарга ар түртүү өңдө жасоого болот. Мурдатан калпактар бийик түрдө жасалып келсе азыр суроо талапка ылайык жапызыраак жасалып калды. Аны жеңил унаа айдап бара жатканда төбөсү башинага тийбесин деп, ыңгайлуулугуна жараша тигилип жатат. Мындан сырткары Бакай калпагы тигилет. Аны көпчүлүк учурда тойлордо кийишет. Жашы 50дөн ашкан аталарыбызга чапандары менен кошо кийгизилет. Аны күнүгө кийүүгө болбойт.

-Калпак кайсы мезгилде көп тигилет?

-Биз калпактарды көп санда чыгарбайбыз. Аны жазда же күздө көп тигилет деп айта албайм. Анткени, кыргыздар төрт мезгилде тең калпакты кие берсе болот. Анткени кыштын күнү жылуу, жайдын күнү салкын болуп күн өткөрбөйт. Башты күн нурунан коргойт. Учурда кытайдан кийиздер келип, калпактар тигилип, сатылып жатат. Булар башты оорутуп, чачты түшүрөт. Аны айырмалай билиш керек.

Минара Ибраева “Кабар”

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар